1956-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Шанкол айылында туулган. 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган. Мектептерде, жогорку окуу жайларында, газета-журналдардын редакцияларында иштеген. Азыр И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде профессор. Педагогика илимдеринин доктору.

Илимий китептеринен тышкары «Ак чыйыр», «Акыркы адамжапайынын арзуусу», «Гаргарчи», «Арча түбүндөгү айдың кеч» деген аңгемелер жыйнактары, «Сунулган баш… сууралган кылыч», «Жылдыздар тараган таңдар» аттуу тарыхый роман китептери жарык көргөн. Аңгемелери түрк, башкорт, өзбек, казак тилдерине которулган. Казакстанда «Шегемдик кыз» деген аңгемелер топтому басылган.

Москва кандай, ата?

  • Post comments:0 Comments

(аңгеме) Үйгө эми эле кирип, эки чыныдан чай ичкенбиз. — Силерди малга бата берсин деп чакырып атат? – деди бир бала босогону аттабай туруп шаша сүйлөп. — Жүр, анда, чыгалы!…