Montparnasse (“Парнас Тоо”) онлайн адабий журналынын негиздөөчүсү жана ээси Садык Шер-Нияз.

Журналга адабий чыгармаларды кабыл алуунун

ЖОБОСУ

1. Жаңы аңгеме 1000 сөздөн, поэзия 200 сөздөн ашпасын.

2. Толук редакциялансын.

3. Аңгеменин ар бир сөзүнө 20 сомдон, котормого жана сын материалдарына (“Монпарнаска” чыккан чыгармаларга) ар бир сөзүнө 5 сомдон, поэзиянын ар бир сөзүнө 50 сомдон төлөнөт.

4. Бул аңгемелерди, ырларды журнал интернет айдыңында же басмаканадан жыйнак кылып чыгара алат. Эгерде башка бирөө бул аңгемени же ырды чыгарса (“Монпарнас” журналына жарыяланса) сөзсүз түрдө “Монпарнас” журналына шилтеме жасашы керек.

5. Журнал өз ишин фейсбук аркылуу баштайт, жума сайын чыгып турат.

6. Аңгеме 1000 сөздөн ашып кетсе максималдуу төлөм баары бир 1000 сөз үчүн гана төлөнүп берилет. Бул шарт котормого жана сынга да тиешелүү.

7. Ыр 200 сөздөн ашса максималдуу төлөм баары бир 200 сөз үчүн гана төлөнүп берилет.

8. Аңгемелерди, ырларды бул электрондук почтага салуу керек: monparnaskg@gmail.com