Мен

  • Post category:Ыр
  • Post comments:0 Comments

Бул мен.
Ооба, бул мен кайдагы,
өзүн таппай каңгып жолдо бараткан,
багытынан адашкан…
Беш күнчөлүк өмүр деле өтөт, чын,
а мен көрбөй күндүн кандай батканын,
а мен көрбөй, кантип, кайдан атат таң,
түтөп, балким, бараткансыйм түгөнүп,
жол көрсөтчү, Жараткан?…

“Мен” деген бир,
“Мендигимди” таба албай,
өз жанымды отко-сууга карч урган,
мейкиндикке талпынган…
Тагдыр менен чыгып жеке эрөөлгө,
мен жеңилип, кайра жеңип келатсам,
тагдыр кайра азоо аттай алкынган,
жан дүйнөмдө жаракат бар, бир кезде
тагдыр мага калтырган…Бул мен.
Ооба, бул мен күнөөкөр,
Жөө качкансып сыноосунан Кудайдын,
көкүрөктө убай, муң…
Бош өткөрүп бекер берген жашоону,
тентип жүрсөм кайдан билер элем мен,
азабы оор убакыттын, убалдын?
Эртеңкини түк ойлобой эсирип,
бүт эсимден чыгардым…


Баяман НУРБЕК

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу