Ой деңиз…

  • Post category:Ыр
  • Post comments:0 Comments

Сапар буйруп айылдабыз, ой деңиз…
Сагынычтуу сары күзгө  бой керип,
Жая салып жалбыракка мөмөсүн
Жаткан кези чымчыктар да той берип…

Миң боёктун күүсүн чалып түркүн түс,
Күлкүсүнөн күн чагылган күлгүн күз!
Сүртүлгөндөй сүйүү, мээрим сыйкыры
Сүрөтүнө токчулуктун сүйкүм жүз!

Тоо бооруна катар-катар там салып
Тойдон тойго жатса   элим камданып
Тоок үнү торгой сымал толкутат
Тоолоруна, токоюна жан салып.

Эх, келиндер, эптүүлүгү батперек!
Эмгегине тоодой түйшүк чак келет.
Кагылайын кайнилерим калдайып,
Каректери кадамыңа сак келет…

А биз болсо “чоң базарда” жүргөндөй,
Ачык сөзгө айтчу тилиң күрмөлбөй…
Айланаңда табиятың суктантат
Ар бир ишке аларчалык күймөнбөй.

Күндү күтүп жаңы чыккан чыгыштан,
Күзөтчүдөй улуу-кичүү турушкан.
Жуунарга жылуу суусун даярдап
Жылмайышат үшүсө да сууктан.

Ашказанды ар тамакка “жүдөтүп”
Аш-тойлор да аяктаса күн өтүп
Кичипейил кожейкелер зымпыят
Кирпигине зор уйкуну түнөтүп.

Чарк айланып чаалыкканын жашырып,
Чайын сунат келиндерим акырын.
Күүгүм чалса теребелди терметип
Күн да батат боюн тоодон ашырып…

…Көк бетине көркөм шаар кургандай,
Көз уялткан сулуулукту сунгандай.
Айылымдын түнкү элеси ажайып
Асман жакта жылдыз калаа тургандай!..
Ажарыңар окшоп таңга нур маңдай
Амандыкта тойлор болсун туугандар!!!


Бакыт МЫРЗАТАЕВА

И.Арабаев атындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты.

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу