Бир дүйнө

  • Post category:Ыр
  • Post comments:0 Comments

Сендей мээрим көргөнүм жок бөлөктөн,
жолдор бүгүн гүлзар болду сен өткөн.
Сан дүйнөнүн топтомундай туюлган,
саамайыңдан толкун сылап, көл өпкөн.

Махабаттан башка деле дүйнөм жок,
маанилүүсү, аны көптөр билген жок..
Аалам турат, жашоо деле жайында,
ал күндөрдө бир өзүң жок, бир мен жок.

Жан түбөлүк, бул анык сөз, кошулам,
жан дүйнөмдө күчөп күйөт от улам.
Биз турмушка жетеленип баратсак,
биздин сүйүү бизди карайт чокудан!


Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ

“Жүрөктө калган бир ысым”, “Романтика” китептеринин автору. Ырлары казак, өзбек, кытай, орус, азери, түрк тилдерине которулган.

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу