Ысык-Көл экинчи апамдай

  • Post category:Ыр
  • Post comments:0 Comments

Толкунуң бетиндей чүрөктүн,
түбүңө калгандай түнөп Күн.
Күүлөнтүп наристе кезимден,
күтүлбөс кыялга түнөттүң.

Бүлүнтүп жаманды жат кылган,
бүт сырың бүткөндөй жакшы ырдан.
Өң-түстүү кыз эмес эң алгач,
өрттөнүп өзүңдү жактыргам.

Жазылып ыр менен гүлдесте,
жээгиңде жүрчү элем күн кечке.
Жөн гана жер бетин ээлеген,
жөнөкөй көлсүң да билбеске.

Үмүттөй кол булгап узактан,
үстүңө төгүлөт нур асман.
Эрээркеп жүрөктөр заматта,
эргүүнүн көлүнө тунат жан.

Өзгөрүп, кубулуп, жасанбай,
өзгөчө мээримин каталбай,
ырыма шык берген, дем берген,
Ысык-Көл экинчи апамдай!


Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ

“Жүрөктө калган бир ысым”, “Романтика” китептеринин автору. Ырлары казак, өзбек, кытай, орус, азери, түрк тилдерине которулган.

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу