Студент кыз

  • Post category:Ыр
  • Post comments:0 Comments

Арык чырай, назик кыз, уялчаак кыз,
Ай чырайлуу, сулуу кыз, тил алчаак кыз.
Ал кичүүсү кыздардын, мен балдардын,
Экөөбүз тең окшошуп “тил алчаакпыз”.

Студентбиз, эңсөөлөр билим гана.
Союз кези, окуу да кыйын анда.
Жайлар башка окуган, тайпа досбуз,
Жашыбыз да жете элек жыйырмага.

Шаңга толуп ар кечте жатакана,
Шайыр достор чогулуп көңүл ачса.
Уялчаак кыз уялып тамак жасайт,
Шылтоо кылып “кароолмун” ашканада.

Укмуштуудай, өмүрлөр көктөм эле,
Уурдалгандай жаштык кез өткөн беле?
Уялчаак кыз тик карай албаса да,
Уул бала да, ууртунан өпкөн эле.

Тагдыр башка. Алмашты жылдар улам.
Таап алат го, жазылган ырларымдан.
“Сенсиңби?” – дейт, селейип “ооба” – дедим,
Сезим козгоп качанкы жылдарымдан.

Калат тура жаш бойдон жүрөк чиркин,
“Кандайсың?” – деп өткөндү казып кирдим…
Отуз жылдан өтсө да жоготбоптур,
Ошондогу уялчаак, назиктигин.

Өзгөчө мөөр мезгилдер басып койгон.
Өмүрлөр күз, береке чачып койгон.
Кел, келе гой, сагынсаң алып кеткин,
Көктөм жазды жүрөккө катып койгом.


Бешболуш МАТИСАКОВ,
Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу