Ысык-Көл менен Алыкул

  • Post category:Ыр
  • Post comments:0 Comments

Көл жатат толкуп-ташып күндөгүдөй,
Көрбөгөн көл сүрүнөн сүрдөгүдөй.
Аярлап ойго батып тура берет,
Алп акын көл жээгинде үйдөгүдөй.

Көкүрөк толтосунан ырлар көзөп,
Көңүлү көл жээгинде гүлдөй өсөт.
Өзгөчө толкуп жаткан Ысык-Көлү,
Өз үйү жана дагы өлөң төшөк.

Алтын күн көлдүн үстүн сырдай берет,
Алп акын көлдүн ырын тыңдай берет.
Өзгөчө көлдөй таза ниет менен,
Өзү да көл жөнүндө ырдай берет.

Так жазып Ысык-Көлдүн улуулугун,
Таптаза кыз кыялдуу сулуулугун.
Аярлап Ысык-Көлгө арнап койду,
Алп акын жүрөгүнүн жылуулугун.

Кыйылып көлүнө бир айтпай жалган,
Кыз кыял көлдү акын сүйүп калган.
Жакуттай жаркыраган жандуу ырларды,
Жай-кышы көлгө барып, көлдөн алган.

Сүйүүсү көлгө деген көзөп чыгып,
Сүйүнүп ырларына өзөк кылып.
Толкундап көл жээгинде жатаар эле,
Толкунду толкуп жаткан төшөк кылып.

Толкундар жээкке урулат жаны тынбай,
Толкуса музыкалуу жаңы ырдай.
Эгерим келиштире жаза албайбыз,
Эч качан көл жөнүндө Алыкулдай…


Догдурбек ЮСУПОВ

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу