Москва кандай, ата?

(аңгеме)

Үйгө эми эле кирип, эки чыныдан чай ичкенбиз.

— Силерди малга бата берсин деп чакырып атат? – деди бир бала босогону

аттабай туруп шаша сүйлөп.

— Жүр, анда, чыгалы! – Жанымдагы Атайга карадым эле, ал чайынын түбүн шарт ууртап ордубуздан турдук.

Сыртта бир козуну эки киши кармап турат.

— Келгиле, москвалыктар, бата кылалы? – Бутуна паттайи галошун салып эле кошуна үйдөн келе калган шыргыйдай узун киши алакандарын жаза берди.

Биз да алакан жайдык.

— Оомийин! Кудайдын жолуна кудайы! – Ушинтти да, узун киши бизди бата кылдырып козуну ары сүйрөп кетти.

— Сиз Москвадан келдиңизби? – Үн чыкканынан карай салсам артымда беш-алты жашар бала мага жалооруй тигилип туруптур.

— Ооба, Москвадан келдим!

— Москва кандай анан, ата?

— Жакшы!

— Ошо. Жакшы дешет. Менин апамды көрдүңүзбү? – Бала ушинтип сураганда анын ким экенин да билбеген, апасын да тааныбаган мен ойлоно түштүм.

— Апам Москвада иштейт. Келем деген – келбеди. Былтыр мына бул көйнөктү берип ийген экен, кийип жүрөм. – Ал мага көп кийиле берип оңуп кеткен, кирлеп калган жеңи жок көйнөгүн көрсөттү.

Баланын өңү кубарыңкы. Бутундагы ботинкасы жыртылып бүтүптүр. Көзү мага карап жайнайт.

— Апаң ким? – дедим балага аны тааный албай бүшүркөй.

— Тааныбайсызбы? Менин апамы бүт Москва тааныса керек. Сулуу. Чачы узун. Көзү, каштары кара!

— Тааныбайт окшом… А сен кимдин баласысың?

— Таятамдын.

— Таятаңдын аты ким?

— Табылды!

А бул киши менин жанымда жүргөн Атай досумдун атасынын бир тууганы.

— Сенин атың ким эле? – Балага таанышындай кошоматтана сүйлөдүм.

— Сагыныч… – Бала ушундай деди да, мурдун сыймыктуу көтөрүп койду.

Үйгө киргиле деп калды келиндердин бири. Мен ажаткана жакка бастым. Сагыныч да ээрчип алды. Ажаткананын эшигине жакын калганымда гана бала артына бурулуп кетти. Ишимди шашпай бүтүрүп, тамекимди да тартып чаксам Сагыныч абдесе көтөрүп, чачыгын мойнуна илип суу куйганга даяр болуп туруптур.

— Келиңиз, колуңузга суу куюп берейин? – Колумду жууп жатып бул бала Табылды атанын кайсыл кызыныкы экен деп ойлоп турдум.

— Суу жылуу бекен, ата?

— Жылуу экен. Ырахмат!

— Өмүрлүү бол! Бактылуу бол!

— Апам экөөбүз ээ, ата?

— Апаңдын аты ким? – дедим чыдабай.

— Акбермет! Москвада иштейт!

«Акбермет… Акбермет… Эх, Акбермет» деп ичимден сүйлөнүп алдым да кыялым онунчу класста окуп жаткан күндөргө кетти…

*   *   *

Биздин класстан үч бала, үч кыз негедир онунчуну бүтөр жылы ынак болуп кеттик. Башкалар ар кимиси өзү менен өзү, анча-мынча жакшы окугандар институтка тапшырат элек деп, сабактарды кошумча окуйт, өздөрүнчө чогулуп даярданат. А бир алтообуз шаарга окууга да барбайбыз деп чечтик, барсак да институтка таанышсыз өтмөк белек дедик.

Кышында муз тепкени жөнөйбүз айыл четине. Чаналарды сүйрөп барып, же чана жокто уйлардын куйругун кармап муз тепсек кыздар артыбыздын учкашып алат, анан бир жерге келгенде кулап түшөбүз. Алтообуз тең карга тыгылып күлүп калабыз. Бири-бирибизге кар чачышабыз…

Үч бала, үч кыз эки-экиден бири-бирибизди ээлеп да алдык. Меники – Акбермет. Экөөбүз тең уяңбыз, ошого карабай негедир тез эле жакындашып кеттик. Индия кинолоруна барсак да катарлаша отуруп, бири-бирибиздин дем алганыбызды тыңшап турабыз, коркунучтуу жерге келгенде менин колумду бекем кармай коюп, кайра коё берет. Кинодон чыкканда үйгө чейин асманды карап кыялданып келебиз…

*   *   *

Жазында аскерге чакырды. Үчөөбүз бирдей кеттик. Кыздар айылда кала берди…

Эки жылдан кийин армиядан келсек, үч кыз тең күйөөгө чыгып кетиптир. Акбермет башка айылга кетти дешти… Алысыраак туугандарына берип ийишти дешти…

*   *   *

Акырын уурдана Сагынычты карадым. Окшойт экен. Бир караганда Акберметтин эле өзү экен… Мени айланып эле жанымдан кетпей койду. Ары бассам – ары басат, бери бассам – бери басат.

— Москвада эмне иш кыласыз, ата? – деди божорай.

— Курулушта иштейм.

— Азыр канчанчы кабатты куруп атасыз?

— Кырк сегизинчи.

— Оо, ата, сиз иштеген жерден бүт Москва көрүнөбү?

— Көрүнөт.

— Апамды көрөсүзбү? – Жооп таба албай калдым.

*   *   *

Акберметтин күйөөсү менен ажырашканын, бир балалуу болгонун, анысын атасына калтырып, адегенде Астанага кеткенин, кийин Москва жакта жүргөнүн бир уккандай болгомун. Жердештердин жолугушууларына дале барбайт, айылга дале келбейт дешти.

— Ата, Москвада апамды канча жолу көрдүңүз? – Баланын бул суроосуна жооп таппай ичим элжиреп кетти. Акыры калп айттым:

— Көрүп эле атам. Апаң жакшы жүрөт. Келет болушу керек жакын арада.

— Чын эле келеби? Сиз билесиз ээ?

— Келет… Келээр…

— Сиз эмне Украинага согушка алат деп качып келдиңизби? Эркектердин баары качып келип жатат го. Биз аларды айылда ысмайылдар дейбиз. – Бала ушундай дегенде эмне дешимди билбей калдым. Чын эле качып келдик да. Намыстандым да:

— Качкан жокмун. Кайра барам… – дедим. Оозумдан үнүм бош чыкканын өзүм да аңдап калдым.

— Аялдарды согушка албайбы, ата?

— Албайт!

— Апам барбайт, ээ?

— Барбайт!

— Эми Москвага качан барасыз? Мени да ала барыңызчы? Москваны аябай көргүм келет?..

Унчуга албадым…

*   *   *

…Бир жолу Кызыл Аянтты көрүп келели деп бүт бригадабыз менен ал жакка барып, тамак ичип алганы «Макдональске» кирип барсак, стол үстүнөн кардарлар ары алып барып койбогон бош идиштерди жыйнап бирөө жүрөт.

Кыргыздай. Тааныдым… Акбермет! Ушунчалык жүдөгөн, арыктаган, көздөрү киртейген. Бет келише түштүк экөөбүз бир саамга. Анан эле заматта жок болду.

*   *   *

Кийин да Кызыл Аянттыгы «Макдональске» бир нече жолу бардым. Атайылап көрөр бекемин деп да бардым. Көрө албадым. Ал жерде иштегендерден сурасам жумуштан кетип калган дешти…

*   *   *

Буларды айтсамбы, айтпасамбы деп Сагынычты карадым. Ал болсо мага жалт тигилди:

— Ата, эмнени ойлодуңуз? Москваны сагындыңызбы? Москва чоң, кооз болсо керек ээ?

— Сагынган дале жокмун?

— А неге сагынбайсыз? Мен түшүмдө да Москваны көрөм…

— Анда билет турбайсыңбы?

— Билем… – Бала дагы ойлонуп калды. – Ата, апам кандай болуп калды экен?

— Көрсөң, тааныйсыңбы, апаңды?

— Билбейм. Тааныбасам керек ээ?

— Сен эмне, апаңды такыр көргөн эмессиңби?

— Таятам көргөнсүң, тааныйсың дейт. Кичинемде мага эмчегин берген экен.

— Ошол бойдон көрө элексиңби?

— Көрөм. Күндө көрөм. Сүрөтүн көрөм. Сагындым… Сиз жолукканда уулуң Сагыныч сагыныптыр, алып келип ал деңиз ээ, ата?

«Атын неге Сагыныч койду экен» дедим ичимден. Анан баланын маңдайынан сылап, бир аз акча берип койсомбу деп чөнтөгүмө колумду салып баратып дароо колумду тартып алдым.

— Сиздин балаңыз барбы? – деди Сагыныч жүзүмө тике карап.

— Бар!

— Канчөө?

— Бир кыз.

— Аты ким?

— Акбермет!

— Ой, менин апамдын атындай турбайбы, кызыңыздын аты. Жакшы ат ээ, Акбермет деген?

— Ооба.

— Кызыңыз кайда, азыр?

— Москвада.

— Сагындыңызбы?

— Аябай.

— Мен да апамды сагындым… Аябай сагындым…

2023-жыл, 16-17-декабрь


Абдыкерим МУРАТОВ

1956-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Шанкол айылында туулган. 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган. Мектептерде, жогорку окуу жайларында, газета-журналдардын редакцияларында иштеген. Азыр И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде профессор. Педагогика илимдеринин доктору.

Илимий китептеринен тышкары «Ак чыйыр», «Акыркы адамжапайынын арзуусу», «Гаргарчи», «Арча түбүндөгү айдың кеч» деген аңгемелер жыйнактары, «Сунулган баш… сууралган кылыч», «Жылдыздар тараган таңдар» аттуу тарыхый роман китептери жарык көргөн. Аңгемелери түрк, башкорт, өзбек, казак тилдерине которулган. Казакстанда «Шегемдик кыз» деген аңгемелер топтому басылган.

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу