“Монапарнас” адабий журналынын сайты жасалды

Бул сайт белгилүү инсан, меценат Садык Шер-Нияз негиздеген “Монпарнас” аталган онлайн адабий журналынын сайты болуп эсептелет. Буга чейин бул журналдагы материалдар жума сайын Фейсбук коомдук баракчасында жарыяланапы турат эле.

Кыска убакыттын ичинде эле бул журнал адабиятка кызыккандар арасында оозго алынып, авторлорунун катары да калыңдап баратат. Анткени Садык Шер-Нияз журналдын авторлоруна кыргыз акын-жазуучулары унутуп калган гонорарларды чыгармалары үчүн төлөп турат. Бул кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө чоң колдоо экени шексиз. Анткени чыгармачыл адамга башка майда барат нерсеге көп алаксыбай, чыгармачылыгы тууралуу көбүрөөк ойлонууга жакшы шарт түзөт.

Бирок коомдук тармакта материалдарды архивдөө кыйнчылыкты жаратат, б.а. керектуу чыгарманы табуу татаал. Анан да коомдук тармактын ээсине толук көз каранды болуп калабыз. Ал тармактын маалыматтык саясатын, материалдардын жарыяланышын каалагандай өзгөртүп коюшу мүмкүн, же такыр эле жаап салышы ыктымал, мындайда мурда жарыяланып келген бардык материалдардан кол жууп калабыз. Ошону үчүн адабий журналдын өз сайтын ачуу зарлычылыгы чыкты.

Бул сайт – жөнөкөй, эч нерсеге алаксыбай адабий чыгармалар менен таанышканга ыңгайлаштырылган. Ошол эле учурда керектүү маалыматтарды (кайсы бир автор тууралуу маалыматты, анын чыгармаларын, же адабияттын түрлөрү боюнча чыгармаларды) табуу жеңил.

“Монпарнас” журналында жарыяланган чыгармалар мурдагыдай эле Фейсбукта жарыялана берет, ошону менен бирге эле сайтка да жайгаштырылып турат.

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу