Айланайын

  • Post category:Ыр
  • Post comments:0 Comments

Гүл болсом толгон сенин кучагыңа,
Мас кылып турсам сени жыпарыма.
Узүлсөм мейли кооздоп бир мезгилге,
Мен болсом сени менен узагыраак.

Шоолага айлансам ээ таңда түшкөн,
Уялтып көзүңдү анан эрдиң өпкөн.
Жел болуп коюнуңду араласам,
Жеңүүгө сагынычты эзип бүткөн.

Эзилип убакыттын узагына,
Буулуктум алчы мени кучагыңа.
Ааламга толдуң жаным сезим болуп,
Түшүрдүң сүйүүнүн ууз тузагына.


Назгүл ДООТУЕВА

БӨЛҮШҮҢҮЗ:

Жооп калтыруу